Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Орусияда жаңы учурулган жандооч менен байланыш жоголду


"Восточный" космодромунан ракета учурулуп жаткан кез. 28-ноябрь, 2017-жыл.
"Восточный" космодромунан ракета учурулуп жаткан кез. 28-ноябрь, 2017-жыл.

Орбитага бир нече жандоочту, анын ичинде “Метеор” жандоочун чыгарууну максат кылган “Союз -2.1Б” ракетасы "Восточный" космодромунан бүгүн учурулган эле.

"Роскосмос" агенттигинин маалыматы боюнча, азыр “Метеор” жандоочу менен байланыш жоголду жана анын орбитага чыкканы байкалган жок.

Орусия бүгүнкү ракета учурууда "Восточный" космодромун экинчи жолу колдонду. Биринчи ракета 2016-жылдын апрель айында учурулуп, ага президент Владимир Путин өзү көз салган.

Кытай менен чектеш Амур облусунда жайгашкан "Восточный" космодрому Казакстандын "Байкоңур" космодромуна Орусиянын көз карандылыгын азайтыш үчүн курулган.

"Байконур" азыр көбүнесе Орусиянын космонавттары менен АКШ астронавттары башкарган Эл аралык космос станциясына учуш үчүн гана колдонулат. (UE)

XS
SM
MD
LG