Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Минск саммити: Жээнбеков менен Назарбаевдин жолугушуусу планда жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-ноябрда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Беларуска барат. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Беларустун борбор шаары Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун юбилейлик саммити өтөт. «Саммит алкагында уюмдун 15 жылдык ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 24 маселе талкууланат, алардын арасында терроризм жана экстремизмге каршы күрөш маселеси бар», - деди Айзада Субакожоева.

Саммити учурунда Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин өзүнчө жолугушуусу каралган жок.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Минскке Жээнбеков Москвадан учуп барат. 29-ноябрда ал Орусияга иш сапары менен барып, бул өлкөнүн президенти Владимир Путин, премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушат. Ал жерде эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат.

8-октябрда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын бийлигин сындагандан бери эки өлкөнүн ортосунда мамиле бузулган. (KR)

XS
SM
MD
LG