Нурлан Ражабалиев Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Ага чейин Нурлан Ражабалиев «Ош» бажыканасын жетектеп турган.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 23-ноябрда иштен алынган. Буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Ал өз чечимин "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесине негиздеген. Бул берене кызматкерге ишеним көрсөтүлбөгөн учурда колдонулат.
Матраимов бул кызматка 2015-жылы августта дайындалган. Анын дарегине Жогорку Кеңеште жана коомчулукта бир нече жолу сын-пикирлер айтылып келген. Бирок Матраимов бардык дооматтарды четке каккан.
Буга чейин Казакстан чек арада бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы көзөмөлдү күчөтүп жатканын, ошондон улам чек ара бекеттеринде унаалар кезек күтүп турганын билдирген. Кыргызстан Казакстандын билдирүүсүнө макул болгон эмес. (RK/BkA)