Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Төрт киши абактан качкан окуя боюнча эки милиция камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук райондук прокуратурасы тергөө абагынын төрт кишинин качып кетишине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 316-беренелердин негизинде (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Шалаакылык”) кылмыш ишин козгоду. Буга байланыштуу эки милиция кызматкери убактылуу тергөө жайына камалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чүй облустук милициясынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов кабарлады.

27-ноябрда Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан төрт киши качып кеткен. Аларды кармоо боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун милициясы “Сирена” планын жарыялап, экөө - 40 жаштагы Рамил Базаркулов жана Бакыт Дилдешов - Бишкек шаарынан колго түшүрүлгөн.

Ал эми калган эки жаранды - 32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев менен 28 жаштагы Кайрат Жанботоевди - издөө иштери уланууда.

ИИМдин маалыматына караганда, бул адамдарга карата Кылмыш кодексинин “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” беренелери боюнча айып тагылып жаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG