Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы бүгүн бул сөзүн Мьянманын жарандык лидери Аун Сан Су Чжи менен башка жетекчилерине багыштап, өлкөнүн келечеги “ар бир этностун” укуктарын урматтоодон көз каранды болорун эскертти.
Папа Франциск өз сөзүндө рохинжа мусулмандарын атабаганы менен өз чакырыгы аркылуу аларга кыйыр түрдө колдоо көргөзгөндөй болду.
Быйыл августтан бери 620 миңдей өкүлү Мьянмадан Бангладешке качууга аргасыз болгон рохинжа мусулмандарын Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы буга чейин бир нече ирет коргогон болчу.
Улуттар Уюмунун жана АКШнын расмий өкүлдөрү рохинжа мусулмандары туш болгон кырдаалды “этностук тазалоо” катары мүнөздөшкөн.
Мьянманын аскердик жетекчилиги "жайкын тургандарды атайылап бутага алды" деген дооматтарды четке кагып, Ракхай штатындагы коопсуздук операцияларына рохинжа мусулмандарынан чыккан согушкерлердин чабуулдары себеп болгонун айтып келет.
Мьянманын 51 миллиондон ашуун калкынын дини боюнча 88% буддисттер, 6% христиандар, 4% мусулмандар, ал эми рохинжа мусулмандары өлкөдөгү 2,5 миллиондой мусулмандын жарымына жакынын түзөт. (UE)