Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:34

Казак өкмөтү Кытайдагы диаспора маселесин көтөрүүдө


Кытайдан келген этникалык казактар Алматыда Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгү астына чогулган учур. 24-октябрь, 2017-жыл.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, алар Кытайдын бийликтери менен “Кытайдагы этникалык казактардын алар кириптер болгон көйгөйлөрү тууралуу утур-утур даттанууларына” байланышкан сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

28-ноябрдагы билдирүүдө көргөзүлгөндөй, бул маселени Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Акылбек Камалдинов Кытайдын Астанадагы элчиси Чжан Ханьхуэй менен акыркы ирет 27-ноябрда талкуулаган.

Ага чейин быйыл 9-ноябрда да Бээжиндеги казак дипломаттары бул маселени Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууда көтөргөн.

Кытайдагы казактардын көйгөйлөрү келерки айда кытай-казак өкмөттөрүнүн Бээжиндеги сүйлөшүүлөрүндө да каралат.

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди жыл соңуна чейин Шинжаң-уйгур автоном районуна да барганы жатат.

Акыркы айларда Казакстандын медиасында Кытайдын Шинжаң аймагындагы этникалык казактар арасында жергиликтүү бийликтер тарабынан куугунтукка жана кысымга алынгандар болуп жатканы тууралуу маалыматтар бир нече ирет чыккан.

Ал эми быйыл июнда Астанада казактардын Бүткүл дүйнөлүк курултайында анын делегаттарынын бири Кытайдагы казактар кабылган кысым тууралуу айтып чыккан. Курултайга президент Нурсултан Назарбаев өзү дагы катышкан.

Кытайдын Шинжаң аймагында бир жарым миллиондой этникалык казак жашайт. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG