Орусиянын президентинин 28-ноябрдагы жарыясына караганда, үй-бүлөлөр эми 2018-жылдын 1-январынан тартып биринчи бала төрөлгөндө да айына 10,5 миң рубль же 180 доллар өлчөмүндө жөлөкпул ала баштайт.
2018-жылдын март айындагы шайлоодо президенттигинин жаңы, төртүнчү мөөнөтүнө барары күтүлүп жаткан Путин Москвадагы кеңешмеде сүйлөп жатып, “бүгүн биз Орусиянын калкын турукташтыруу, алдыдагы он жылдыкта анын азайып кетишинин алдын алуу боюнча бир катар чараларды көрүшүбүз керек”, деп белгиледи.
Путиндин айтымында, өкмөт Орусиянын "улуттук демографиялык программасын кайра жандандырып”, өзгөчө кирешеси аз үй-бүлөлөргө көңүл бурат.
Орус президентинин убадасына караганда, “эки же андан көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн 1-январдан тартып атайын үстөгү аз ипотекалык насыя” киргизилмекчи.
Ал эми биринчи бала үчүн жөлөкпул ал бир жарым жашка чыкканга чейин сакталат.
Балалуу болууга кызыктыруу боюнча буга чейин да чара көрүлгөнү менен Орусиянын калкы 1992-жылы 148 миллиондон ашкандан бери кайра азайгандан азайып эле келатат.
Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 2016-жылы Орусияда калктын саны 144,3 миллионду түзгөн. (UE)