Бул тууралуу бир аз мурда Түштүк Кореянын "Ренхап" маалымат агенттиги кабарлады.
Агенттик Түштүк Корея армиясынын Башкы штабына шилтема кылып маалымдагандай, белгисиз ракета Түндүк Кореянын Түштүк Пхеньян провинциясынан чыгышты карай учурулган.
Ракета канчалык алыска жеткени жана буга чейин сыналган баллистикалык ракеталардай болуп Жапонияга караштуу аралдын үстүнөн учуп өткөн-өтпөгөнү азырынча анык эмес.
Түндүк Корея тараптан “балким” ракета атылганын байкаганын АКШнын Коргоо министрлиги – Пентагон да билдирди.
Пхеньян быйыл бир нече ракетасын, анын ичинде континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынап, аны менен катар алтынчы ирет өзөктүк жардыруу жасаган.
Буга жооп кылып БУУнун Коопсуздук кеңеши өз санкцияларын мурдагыдан күчөткөн. АКШ болсо Түндүк Корея режимин каржы булактарынан ажыратуу боюнча чара көрүүдө. (UE)