Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын (IWF) аткаруу комитети 2018-жылкы дүйнө биринчилигин Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги уюмдун басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.
Маалыматка караганда, алгач дүйнө биринчилиги Перунун борбору Лимада өтүшү керек болчу. Бирок ноябрда Перу мелдештерди өткөрүүдөн баш тартып, ал укукту башка мамлекетке берүүгө даяр экенин билдирген.
"Inside the games" порталы билдиргендей, Лиманын бул чечими мелдештер өтүшү керек болгон "Сан-Исидро" спорттук борборунун даяр болбой калганына байланыштуу. Анда 2018-жылдын декабрына чейин ири спорттук иш-чараларды өткөрүү мүмкүн эмес экени кабарланган.
Быйыл сентябрда Түркмөнстан Согуш чеберчилиги боюнча жабык имараттардагы V Азия оюндарын өткөргөн. Түрдүү маалыматтар боюнча, өлкө спорттук имараттарды жана инфраструктура куруш үчүн 10-15 миллиард доллар короткон.
Олимпиадалык шаарчадагы ондогон объектилердин экөө - үстү жабылган бассейн менен аттын чоң башы - дүйнөдөгү эң ири спорттук курулуштар катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген.