Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Ош шаардык сотунун мурдагы судьясына кылмыш иш козголду


Ак-Буура суусу.
Ак-Буура суусу.

Башкы прокуратура Ош шаардык сотунун мурдагы судьясына жана башка кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Алар Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча айыпталууда.

Прокуратуранын маалыматына караганда, 2006-жылдын 20-январында Жапалак айыл өкмөтүнүн токтому менен Ак-Бууранын боюнда жайгашкан 0,16 гектар жер 10 жылга жергиликтүү тургундардын бирине убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок ал жаран жер тилкесине ээ эмес экенине карабастан Ош шаардык сотуна кайрылып, жеке менчик укугун таанууну өтүнгөн.

2013-жылдын 26-сентябрында шаардык соттун судьясы ал арызды канааттандырган чечим чыгарган. Анын негизинде сууну коргоо зонасында жайгашкан жер участогу жеке менчикке өткөрүлүп берилген.

Быйыл 23-мартта Ош шаарынын прокуратурасынын арызы боюнча облустук сот ал чечимди жокко чыгарган. Тергөө уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG