Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Абактан качкан төртөөнүн үчүнчүсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Сокулук милициясынан качып чыккан төрт адамдын үчүнчүсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

28-ноябрда саат 21:00 чамасында Бишкектин Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев колго түшүрүлдү. Милициянын маалыматына караганда, ал Түркмөнстанда туулган. Каракчылык, документтерди жок кылуу, мүлккө атайылап залака келтирүү деген негизде камакка алынган.

Качып кеткендердин төртүнчүсү, 28 жаштагы Кайрат Жанботоев азырынча кармала элек.

Кечээ 40 жаштагы Рамил Базаркулов жана Бакыт Дилдешов кармалган. Экөө тең шейшембиге караган түнү Бишкектин Биринчи Май районунун аймагынан колго түшүрүлгөн.

27-ноябрда Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан төрт киши качып кеткен. Аларды кармоо боюнча Бишкек жана Чүй милициясы “Сирена” планын жарыялаган.

Бул адамдарга карата Кылмыш кодексинин “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” беренелери боюнча айып тагылып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG