Мамлекеттик органдар Бишкектеги Тарых музейинен баалуу экспонаттар жоголду деген имиштерди текшерип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди.
“Музейден баалуу экспонаттар жоголду деген имиштер болуп жатат. Биз тиешелүү органдар менен аны текшерип жатабыз. Баарын изилдеп, артка кайтарабыз” деди Сапар Исаков.
Жалпысынан Тарых музейинин фондунда 135 миң экспонат, артефакттар, кыргыз элинин кайталангыс маданий жана тарыхый эстеликтери катталган.
Буга чейин андагы баалуу экспонаттар жоголду деген маалыматтар чыккан.
Жогорку Кеңеш бүгүн 2017-2018-жылдардын бюджетин жана 2019-2020-жылдарга карата бюджеттин божомолун карап жатат. Ага премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү катышууда.