Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Улуттук банк дагы доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Улуттук банкы бул айда тогузунчу жолу интервенция жүргүздү. Мекеменин расмий сайтына 28-ноябрда 4,5 миллион доллар сатылганы тууралуу кабар чыкты.

Ошентип, жалпысынан бул айда Улуттук банк 42 миллиондон ашуун доллар сатты.

Улуттук банктын курсу боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 69 сом 70 тыйын турат.

2015-жылы ноябрда доллар Кыргызстанда эң кымбат чекке жетип, 75 сомго барган. Кийин арзандап отуруп быйыл апрелде 67 сомго чейин төмөндөгөн, июндун аягынан тарта кайра кымбаттай баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG