Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Кыргызстандык окуучулар дүйнөлүк олимпиадада байгелүү орун ээлешти


Стамбулдагы олимпиаданын катышуучулары.
Стамбулдагы олимпиаданын катышуучулары.

Кыргызстандык окуучулар менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадага катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна "Интеллект" окуу борборунун директору Жакшылык Матанов кабарлады.

Анын айтымында, «Мемориад» интеллектуалдык таймашы 25-26-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында өттү.

Олимпиадага 10 өлкөдөн 200дөй бала катышты. Кыргызстандык Байэл Рахымбеков биринчи айлампада экинчи орунга татыды, ал эми Арсен Рахымбеков таймаштын эң акылдуу он катышуучусунун сегизинчиси болду.

Сегиз бала 20 күчтүү окуучунун катарына кирди.

Эң мыктылар келерки жылы Колумбияда өтө турган дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алышты. (RK)

XS
SM
MD
LG