Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:49

АКШ Орусияны чет өлкөлүк медиа боюнча мыйзамды колдонбоого үндөдү


Орус гезиттери.
Орус гезиттери.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын Юстиция министрлигин чет өлкөлүк маалымат каражаттарын «агент» деп атоого жол ачкан мыйзамды колдонбоого үндөдү. "Бул мыйзам сөз эркиндигин чектейт", деп айтылат тышкы саясат мекемесинин маалымат катчысы Хизер Нойерттин 28-ноябрдагы билдирүүсүндө.

Орусия парламенти кабыл алып жана президент Путин кол койгон мыйзам бийликке чет өлкөдөн каржыланган маалымат каражаттарын «чет өлкөлүк агент» деп жарыялоого, аларды чектеген чараларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. "Бул Орусиядагы сөз эркиндигине дагы бир коркунуч болуп калмакчы. Өз пикириңди, анын ичинде маалымат каражаттарында эркин билдирүү - адамдын түпкүлүктүү укуктарына кирет. Орусия аларды урматтоо боюнча милдеттенме алган", деп белгилейт Мамдепартамент.

Нойерт орус бийлиги бейөкмөт уюмдарга тиешелүү ушундай эле мыйзамды соттук куугунтуктоо, рейддерди актоо үчүн пайдаланып келатканын айтты.

Ал эми бул кадамды АКШнын тиешелүү мыйзамына жооп катары көрсөтүү аракетине Мамлекеттик департамент "орунсуз" деп баа берди. "АКШнын мыйзамы маалымат алууну жана маалымат каражаттарынын ишин чектебейт", - деп белгиледи АКШ тышкы мекемеси.

Президент Владимир Путин мыйзамга 25-ноябрда кол койгон. Ага чейин аны Мамлекеттик Дума кабыл алып, Федерация Кеңеши жактырган.

XS
SM
MD
LG