Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Түркияда 360 кишини кармоого ордер берилди


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, 3-октябрь, 2017-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, 3-октябрь, 2017-жыл.

Түркиянын прокуратурасы динаятчы Фетхулла Гүлендин тарапкери катары шектүү 360 кишини камакка алууга буйрук берди. Бул тууралуу бүгүн "Анадолу" агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, камала турган 333 киши аскер болчу, 216сы дагы эле армияда кызмат өтөп жатат. Түрк бийлиги былтыркы төңкөрүш аракетинин артында Гүлен жана анын жактоочулары турат деп эсептейт. Бозгунда жүргөн динаятчы мындай дооматты четке кагууда.

Стамбул полициясы шектүүлөрдү кармоо боюнча операция жүргүзүп жатат. "Доган" менчик кабар агенттиги камала тургандардын жетөө учкучтар болгонун маалымдады.

Гүлен менен байланыштары үчүн айыпталып жалпысынан 50 миңден көп киши кармалды. 150 миң киши болсо былтыркы окуядан кийин мамлекеттик мекемелерден жана жеке компаниялардан кетирилген. Өткөн жумада 700дөй киши төңкөрүш аракети боюнча тергөөнүн алкагында кармалды.

Батыш жана жергиликтүү укук коргоочулар Анкара бул иликтөөнү оппоненттерин басыш үчүн пайдаланууда деп сындап келатышат.

Былтыр 15-июлда болгон төңкөрүш аракетинин учурунда 250 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG