Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин иликтөөчүсү Ричард Макларен Орусия кызытма колдонуу программасын мамлекет колдогонун моюнга албаса, анын спортчулары азыркыдан да оор жазага кабылаарын эскертти.
Макларен 28-ноябрдагы басма сөз жыйынында эмки жумада Эл аралык Олимпиада комитети орус командасынын Пхенчангдагы кышкы оюндарга катышаар-катышпасы боюнча чечим кабыл алаарын айтып, Орусия кооптуу абалга туш болгонун белгиледи.
Орусия боюнча бир нече баяндаманын автору болгон Макларен кызытма программасына мамлекет аралашканын танган сайын санкциялар ого бетер күчөшү мүмкүн экенин билдирди.
Орус бийлиги кызытма колдонууну мамлекет өзү тескегенин танып келатат. Путин өткөн аптада бул дооматтардын артында ага марттагы президенттик шайлоо алдында кыйынчылык жаратууну көздөгөн АКШ тураарын айткан.
Орусиялык бир катар спортчулардын анализдеринен допинг чыгып, эл аралык мелдештерден, анын ичинде олимпиадалардан четтетилген.