Теги казакстандык Канада жараны Карим Баратов "Yahoo" интернет-порталын бузуп кирген деген айыптоону моюнга алды. 22 жаштагы Баратов мартта АКШ прокуратурасынын өтүнүчү боюнча Канадада кармалып, августта өз макулдугу менен Кошмо Штаттарга экстрадицияланган.
АКШнын Юстиция министрлиги Баратов менен дагы үч кишиге, анын катарында Орусиянын коопсуздук кызматынын (ФСБ) эки агентине "2014-жылы "Yahoo" интернет-порталынан жарым миллион аккаунтту уурдаганга тиешеси бар" деп айып таккан. Бирок Баратовдон башкасы кармала элек. Кремл кийинчерээк ФСБ кызматкерлеринин хакердик чабуулга тиешесин четке каккан.
Шейшемби күнү АКШнын Юстиция министрлиги тараткан билдирүүдө Баратов 2010-жылдан бери 11 миң интернет-даректи бузуп киргенин моюнга алганы айтылат. Буга чейин ал күнөөсүн танып жүргөн.