30-ноябрда Кыргызстандын аймагында айрым жерлерде жаан жана кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 3...8;
Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7;
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4...+1, күндүз 4...9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7;
Нарында түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9;
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 5…7°.