Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Ошто балдарды ВИЧтен коргоо иши жакшырууда


Баласына ооруканада ВИЧ жуккан энелер 2011-жылы ноябрь айында Ак үйдүн алдына пикетке чыгышкан.
Баласына ооруканада ВИЧ жуккан энелер 2011-жылы ноябрь айында Ак үйдүн алдына пикетке чыгышкан.

СПИДдин энеден балага жугушу боюнча көрсөткүч Ошто эки жыл ичинде 49 пайыздан 3 пайызга чейин түштү.

Бул тууралуу Ош шаарындагы СПИДге каршы күрөш борборунун жетекчиси Элмира Нарматова билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуулардан ВИЧти эртелеп аныктоо балдарды аман төрөтүп алууга жардам берет.

Бул үчүн алты айга чейинки ымыркайлардын дартын 48 саат ичинде аныктоочу жабдыктар ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Орусия өкмөтүнүн жардамы менен сатылып алынган.

2010-жылга чейин ВИЧтин энеден балага жугушу 40% болсо, азыр дээрлик 3,5% чейин түштү.

Ош облусунда 398 балада ВИЧ бар. Анын 92си Ош шаарында катталган. 142 балага аларга ВИЧ жукканы угузулган. (YI)

XS
SM
MD
LG