БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учурганын катуу айыптады. Шаршембиге караган түнү таратылган билдирүүдө Гуттериш Пхеньянды туруктуулукту буза турган кадамдардан карманууга үндөдү.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түндүк Корея режиминин иш-аракеттерин Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын дагы бир жолу бузуу катары сыпаттады. Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча расмий өкүлү Федерика Могеринини болсо ракета учурууну Пхеньяндын "дагы бир чагымы" деп атады.
Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы "Хвасон 15" ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн шаршемби күнү жарыялаган.
Расмий маалыматка ылайык, континент аралык ракета 53 мүнөттө миң чакырымдай аралыкты басып өтүп, Жапон деңизине түшкөн. Пхеньян аны эң кубаттуу ракета деп мүнөздөп, ал АКШга жете алат деп билдирип жатат.
Жапон премьер-министри бул сыноону чагым катары мүнөздөдү. Түштүк Кореянын президенти болсо Пхеньяндын кадамына жооп кылып, өзүнчө ракета сынай турганын кабарлады. Президент Мун Чжэ Ин маселени АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон талкуулады.
Расмий Пхеньян Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы келген мындай сыноолорун "АКШнын агрессиясынан коргонуу" үчүн өткөргөнүн билдирип жүрөт. Ким Чен Ындын дарегине кескин сын айткан Трамп соңку сыноодон кийин Пхеньян маселеси менен "алектенебиз" деп айтты. Америка бир апта мурда Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине киргизген болчу.