Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Гаага трибуналында соттолуучу уу ичкенин айткан соң жыйын токтоду


Слободан Пральяк.
Слободан Пральяк.

Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын отуруму соттолуучулардын бири уу ичкенин айткандан кийин токтотулду. Апелляциялык комиссия өз өкүмүн жарыялап жатканда босниялык хорваттардын мурдагы командачысы, генерал Слободан Пральяк отурган жеринен стакандан бир нерсе ичип, "бул уу" деп айтты.

Сот Пральяк менен дагы 5 кишинин 2013-жылы берген апелляциялык арызын караган. Жана генералды согуш кылмыштары үчүн 20 жылга кесүү боюнча өкүмдү күчүндө калтырган.

Босниялык хорваттар "1992-95-жылдардагы согуш маалында мусулмандар үчүн концлагерлерди түзгөн" деп айыпталууда. Пральяк XVI кылымда курулган Мостар көпүрөсүн талкалоого буйрук бергендиги үчүн да күнөөлүү деп табылган.

Бул иш боюнча соттук териштирүү 2006-жылдан бери жүрүп келген.

Өткөн аптада босниялык сербдердин согуш учурундагы кол башчысы Ратко Младич өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG