Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Жээнбеков: Адегенде Орусияга барганым символикалуу


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту. 29-ноябрь, 2017-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту. 29-ноябрь, 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки тараптуу өнөктөштүктү, мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, Медведев Жээнбековду жылуу кабыл алып, президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады.

- Сиз Кыргызстандын премьер-министри болуп турганда биз бир нече ирет жолугушуп, биздин жакшы мамиледеш өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаган элек. Сиз премьер-министр катары мурдагы президент тарабынан жасалган иштерди ырааттуу улантарыңызга, биз учурда жүргүзүп жаткан иштерибизди улантарыбызга ишенебиз, - деп билдирди Медведев.

Өз кезегинде кыргыз президенти Медведевге өкмөттү жетектеп турганда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип:

- Мен Кыргызстандын президенти катары адегенде Орусияга барганым символдук мааниге ээ. Бул Кыргызстан өлкөлөрүбүздүн союздаштыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого биротоло багыт алгандыгын ырастап турат, - деди.

Сооронбай Жээнбеков Орусиянын чакыруусу менен Москвага бүгүн барды. Бүгүн ал орус президенти Владимир Путин менен жолугат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG