Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Татарстанда эми татар тили милдеттүү окутулбайт


Татарстанда татар тилин милдеттүү түрдө окутуу алып салынды. Орусиянын Билим берүү министрлигинин окуу планына ушундай эреже киргизилген. Татарстандын прокурору Илдус Нафиковдун айтымында, мектептерде тилди эми каалаган учурда, ата-энелердин макулдугу менен аптасына эки саатка чейин окутушат. Орусиянын башка жумурияттарында да мамлекеттик тилдер ушундай жол менен үйрөтүлмөкчү.

Татарстан Конституциясына ылайык орус жана татар тилдери мамлекеттик болуп саналат. Алар мектептерде бирдей көлөмдө милдеттүү окутулушу керек. Федералдык мыйзамда болсо татар тили ыктыярдуу негизде үйрөтүлөөрү айтылат. Ноябрдын орто ченинде Татарстан президенти Рустам Минниханов татар тили жумурияттагы бардык мектептерде милдеттүү болуп калаарын, бирок мурдагыдай алты саат эмес, эки саат окушарын айткан.

Августтун этегинде президент Владимир Путин региондордо улуттук тилдерди ыктыярдуу окутуу жана орус тил программасы кандай жолго коюлганын текшерүү тапшырмасын берген. Прокуратура улуттук тилдерди каалаганда гана окуса болот деген бүтүмгө келген. Ага чейин орус тилдүү ата-энелер татар тилин орусчага караганда көбүрөөк беришээрин айтып даттанышкан. Окуучулардын бир энеси болсо Татарстан бийлигин сотко берип, акчалай компенсация талап кылган.

XS
SM
MD
LG