Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:27

Жогорку Сотто Zanoza.kg сайтына байланыштуу арыз каралат


Бүгүн Жогорку Сот Zanoza.kg сайтына байланыштуу үч кассациялык арызды карайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна адвокат Акмат Алагушев кабарлады.

Октябрда Бишкек шаардык соту президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча Zanoza.kg сайтына каршы Башкы прокуратуранын доо арыздарына байланыштуу райондук соттун чечимдерин күчүндө калтырды.

Жыл башында бул сайтка “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипр өлкөсүнө барганы тууралуу комментарийи чыгып, редакциядан үч миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган доону Бишкектин Биринчи Май райондук соту канааттандырган. Август айында шаардык сотто дагы төрт арыз каралып, баарында тең прокуратуранын талабы колдоо тапкан.

Биринчиси - Текебаевдин юристтеринин Дача СУ айылындагы учак кырсыгы боюнча басма сөз жыйынында айтылгандарды жарыялаганы үчүн Zanoza.kg сайтынын ээси "ПроМедиа" (негиздөөчүлөрү Нарын Айып жана Дина Маслова) фондунан үч миллион, ал эми юристтерден он миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыккан.

Экинчиси - "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айткандарына байланыштуу андан үч миллион, Zanoza.kg сайтынан үч миллион, анын негиздөөчүлөрүнүн ар биринен да үч миллион сомдон өндүрүү тууралуу чечим чыккан.

Дагы эки доо боюнча журналист Нарын Айыптан алты миллион, сайттан алты миллион сом өндүрүп алыш керек деген чечим чыккан болчу.

Жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыздар шаардык сотто канааттандырылды. Анын ичинен "ПроМедиа" 15, Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион төлөөгө милдеттүү.

Соттолгон тарап бул чечимдерге макул болбой Жогорку Сотко арызданган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG