Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Минскте ЖККУнун мааракелик сессиясы өтөт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн Беларустун борбору Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги сессиясы өтөт. Мааракелик жыйын тар чөйрөдө жана пленардык жыйын түрүндө өтүп, уюмду бекемдөө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, коопсуздук сыяктуу 20дан ашуун маселе каралат. Уюмдун түзулгөнүнө 25 жыл болгонуна байланыштуу ага кирген өлкөлөрдүн жетекчилери декларация кабыл алары күтүлүүдө.

ЖККУнун сессиясына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация катышат. Ал Минскке Москвадан учур барат.

29-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкандан кийин Жээнбеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, сүйлөшөрүн билдирген.

Соңку 1,5 айдан бери Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамиле бузулуп, чек арадан казак тарапка өтүш кыйын болуп жатат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG