Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Киши сатууга каршы күрөш боюнча өкмөттүк программа кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте киши сатууга каршы күрөшүү жана бул маселенин алдын алуу маселеси талкууланат. Миграция кызматынын бөлүм башчысы Улан Шамшиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, соңку үч жылда киши сатуунун курмандыгы деп эсептелген 560 адамга жардам көрсөтүлгөн.

- Киши сатууга байланыштуу атайын Кылмыш-жаза кодексинде берене бар. Негизинен аны далилдеш өтө кыйын. ИИМдин маалыматына караганда, тогуз айда төрт кылмыш иши козголгон. Ал эми соңку үч жылда Бишкек менен Оштогу реабилитациялык борборго кайрылган 560 кишиге жардам берилди.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрда киши сатуунун курмандыгы болгон адамдарды социалдык-экономикалык, психологиялык жактан коргоо максатында аларга атайын макам ыйгарууга багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Расмий маалыматтар боюнча былтыр Кыргызстанда 175 киши кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер. Киши сатуунун курмандыгы болгон балдар да жок эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG