Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:17

Баткен: Жол кырсыгы бир үй-бүлөдөн үч адамдын өмүрүн жалмады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде айдоочунун, анын апасынын жана таежесинин өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, окуя бейшембиге караган түнү Кадамжайда болгон.

Сары-Алтын айылынын 33 жаштагы тургуну өзүнө таандык “Дэу-Нубира” үлгүсүндөгү автоунаасында 67 жаштагы апасы, 30 жаштагы жубайы, үч жашар кызы жана 56, 76 жаштагы туугандары менен Кызыл-Кыя шаарындагы “Алтын-Казына” тойканасынан чыгып, үйүнө баратканда кырсыкка кабылышкан.

Окуя Үч-Коргон айылынын Хасанабад көчөсү аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автоунаа жолунун 87-чакырымында болгон.

Милициянын алдын-ала божомолуна караганда, айдоочу автоунааны башкара албай калып бетон тосмону, андан кийин эт сатуучу дүкөндү сүзүп, машина оодарылып кеткен.

Натыйжада айдоочу, анын апасы жана таежеси ошол жерден каза болду. Ал эми жубайы, кызы жана таежеси жараат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилди.

Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. (RK)

XS
SM
MD
LG