Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:24

Шайлоодо иштеген айрым операторлордун маянасы кечигүүдө


Президенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт. 15-октябрь, 2017-жыл.
Президенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт. 15-октябрь, 2017-жыл.

Кыргызстанда президенттик шайлоодо добушканаларда оператор болуп иштеген айрым жарандар банк картасы жоктугунан улам эмгек акысын ала албай жатышат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жалал-Абад, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облусунан кайрылган жарандар билдиришти.

Эреже боюнча аймактарда иштеген операторлордун эмгек акысын Каржы министрлиги төлөшү керек. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Түгөлбаева билдиргендей, каражат бардык райондук администрациялардын эсептерине бир ай мурда которулган. Келишимге ылайык, маяна накталай эмес, "РСК банктын" картасы аркылуу гана берилет.

- Себеби каржыны текшерген органдар же Эсеп палатасы кандайдыр бир текшерүү жүргүзсө маселе чыгып калышы мүмкүн. Кээ бир операторлор накталай акча алабыз деп, ушундай көйгөй жаралып отурат, - деди Түгөлбаева.

Шайлоодо Кыргызстан боюнча 9000 оператор бир айдан ашуун иштеди. Алар добушканалардагы техникалык жабдууларды карап, жарандарды тейлешкен.

Операторлордун тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматы тактап, ар бирине 6000 сомдун тегерегинде маяна жазылган.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, операторлордун кызмат акысы үчүн 49 миллион 462 миң сом бөлүнгөн. Бирок канча кызматкерге акы берилип, канчасы калганы белгисиз.

15-октябрдагы шайлоо биометрикалык каттоонун негизинде өттү. (SE)

XS
SM
MD
LG