Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Ооганстанда киши өлтүрүү боюнча айыпталган беш адам дарга асылды


Ооганстандын Герат провинциясынын картасы.
Ооганстандын Герат провинциясынын картасы.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы Пул-Чархи түрмөсүндө киши өлтүрүү жана адам уурдоо боюнча айыпталган беш киши 29-ноябрда дарга асылды. Бул тууралуу Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

"Беш кишинин арасында Герат облустук кеңешинин мүчөсү да бар" - деди министрлитин маалымат катчысы Нажиб Данеш.

Герат провинциясынын соту бир жыл мурда облустук кеңештин мурдагы мүчөсү Аскар Анварды жана дагы төрт адамды Мохаммад Шах аттуу жаш жигитти уурдап барып, өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына кескен.

Министрликтин маалыматы боюнча өлүм жазасы төрт апелляцияллык соттон кийин жана президент Ашраф Ганинин макулдугу менен ишке ашырылды.

Ооганстанда өлүм жазасы өтө сейрек аткарылат. Акыркы жолу 2016-жылдан май айында террорчулук боюнча айыпталган алты киши өлүм жазасына тартылган.

XS
SM
MD
LG