Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Караганда: "Казахмыстын" шахтачылары иш ташташты


Караганда облусунун картасы.
Караганда облусунун картасы.

Казакстандын Караганда облусунун "Казакмыс" жез кениндеги шахтачылар жумуш шартын жакшыртууну жана айлык акысын көбөйтүүнү талап кылып иш ташташты. "Азаттык" радиосунун казак кызматынын өз булагы кабарлагандай, 29-ноябрдын кечинде мөөнөтүн баштаган шахтачылар жер алдынан чыкпай жатышат.

Шахтачылардын акциясы тууралуу "Фейсбуктагы" баракчаларына жарандык активисттер да жазышты. Алар жарыялаган сүрөттөрдө атайын формачан ондогон шахтачыларды көрүүгө болот.

Активисттер билдиргендей, окуя Сатпаев шаарынан бир канча чакырым алыс жайгашкан кенде болуп жатат.

Шахтачылар ошондой эле текшерүүчү топтору жоюуну жана корпорациянын директорлор кеңешинин төрагасы Эдуард Огай менен да жолугушууну талап кылып жатышат.

"Казахмыс" компаниясынын маалымат бөлүмү иш таштоо боюнча кабар каралып жатканын жана бул боюнча расмий билдирүү кийинчерээк жарыяланарын билдирди.

XS
SM
MD
LG