Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Кыргыз-тажик чек арасында курулган үй кайра бузулду


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Кыргыз-тажик чек ара аймагында курулган үйдү тажик тарап кайра буздурду. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү 30-ноябрда «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматта айтылгандай, октябрь айында Тажикстандын Ворух айылынын тургуну Кыргызстандын Ак-Сай айылынын Кожоган аймагына шарттуу чек арадан 200 метрдей ичкери кирип үй куруп алган. Курулган үйгө жер асты менен 300 метрдей электр зымын да тартып барган.

"Бул маселе боюнча эки тараптын жергиликтүү бийликтери жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин Тажикстандын Исфара районунун жетекчилиги мыйзамсыз аракетин моюнга алып, үйдү бузуп алып кетүүгө макул болду, өткөн жуманын соңунда үйдү толугу менен бузуп алып кетишти" деп айтылат маалыматта.

"Азаттыктын" тажик кызматы бул боюнча "Үй талаштуу тилкеде курулган. Тажик тарап бул жер байыртан бери Ворух аймагына тийиштүү болуп келген деп эсептейт" деп жазды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы жалпысынан 970 чакырымдан ашат. Анын 55 пайыздайы али такталбастан шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат. (JsA)

XS
SM
MD
LG