Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Жээнбеков менен Назарбаев чек арадагы абалды талкуулашты


Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев. Минск, 30-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев. Минск, 30-ноябрь, 2017-жыл.

Кыргыз жана казак президенттери чек арадагы абалды талкуулашты. Бүгүн Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев өзүнчө жолугушуу өткөрүштү.

Назарбаев Жээнбековду президенттик кызматка шайланышы менен куттуктады. Ал эки элдин ортосундагы бир туугандык, жакшы кошуналык мамилелер бекемделет деп баса белгиледи.

«Чек арадагы абалдын себептерин биз баарыбыз билебиз. Ошондуктан биз төмөнкүдөй чечимге келдик: өкмөттөр иштеп чыккан «жол картасы» бар, биз аны карап чыктык. Эки өлкөнүн жумушчу топтору бул картаны талкуулап кабыл алышат», - деди Нурсултан Назарбаев.

Анын айтымында, эки тараптан тең чек арада көзөмөл орнотуу боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле ЕАЭБден үчтөн адам жүктөрдү карап, өткөрүп турушат. Ушундай эле ыкма боюнча Кытай менен чек арада текшерүү жүргүзүлөт.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду Казакстанга расмий сапарга чакырганын билдирди.

Кыргызстан президентинин айтымында, жолугушууда ортодогу бардык маселелер талкууланды.

“Биз Нурсултан Абишевич менен бардык маселелер туурасында сүйлөшүп, бир чечимге келдик. “Жол картасы” бар, эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп жатат, декабрь айынын аралыгында бул багыттагы иштерди аягына чыгарабыз. Чек арага биргелешкен көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери чечилет» - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев быйыл 8-октябрда казак жетекчилигин сындаган. 10-октябрдан бери чек арадан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. (KR)

XS
SM
MD
LG