Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Небензя АКШны Сирия боюнча айыптады


Улуттар Уюмундагы Орусиянын элчиси Василий Небензя.
Улуттар Уюмундагы Орусиянын элчиси Василий Небензя.

Улуттар Уюмундагы Орусиянын элчиси Сириядагы АКШ башында турган коалицияны "өлкөдө "Ислам мамлекети" террорчул тобунан бошотулган аймактарда жергиликтүү башкаруу органдарын түзүү аркылуу Сирияны бөлүүгө аракет кылып жатат" деп айыптады.

Коопсуздук кеңешинин 29-ноябрда өткөн жыйынында Василий Небензя Сириядагы Ракка шаарын "Ислам мамлекети" уюмунан бошоткон, күрт жана араб куралдуу кошуундарынан турган коалиция жергиликтүү башкаруу жана экономиканы калыбына келтирүү боюнча Орусия катышпаган сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.

Орусиянын билдирүүсү Женевада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өтүп жаткан маалга туш келди.

Москва менен Дамаск жакында эле Сирия аймагынын 55 пайызы "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринен тазаланып, өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өткөнүн жарыялашкан.

Ал эми радикал согушкерлердин эң ири таянычы деп саналган Ракка шаарын АКШ башында турган коалициянын жардамы менен Асадга каршы турган оппозициялык күчтөр бошотушкан.

Негизинен күрттөрдөн жана арабдардан турган күчтөр бошотулган аймакта өз алдынча башкаруу орнотууну сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG