1-декабрда Кыргызстандын аймагында айрым жерлерде жаан жана кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6;
Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5;
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5;
Нарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -8...-13;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6°.