Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Азык-түлүк программасы кыз-келиндердин укуктарын коргоо, гендердик теңчилик боюнча жарыялаган сынакта “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Нуржан Токтоназарова электрондук маалымат агенттиктеринин арасында 1-орунду жеңип алды. Ушул эле номинация боюнча 2-3-орундар "ОшПирим", "Cabar IWPR" редакцияларынын журналисттерине берилген.
Аталган уюм тараткан маалыматка караганда, сынакка маалымат каражаттардан 20 өтүнмө келип түшкөн. Комиссия 10 жеңүүчүнү төрт номинация боюнча аныктады.
“Азаттыктын” кабарчысы “Аял көп деп ойлоо жаңылыштык”, “Аялдардын эмгек укугу корголбойт”, “Кыргыз коомундагы сексизм” деген макалаларын сунуштаган. (КЕ)