Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кошмо Штаттарды Түндүк Кореяны өзөктүк программасын өркүндөтүүгө түртүп жатат деп айыптады. Беларуска жасаган сапарындагы билдирүүсүндө Лавров ошондой эле Кошмо Штаттардын Түндүк Кореянын соңку ракета сыноосунан кийин Пхеньян менен бардык алакаларды үзүүгө үндөгөнүн дагы четке какты.
29-ноябрдын таңында Түндүк Корея АКШга жете турган континенттер аралык ракетасын ийгиликтүү сынаганын жар салган.
Москва Түндүк Кореянын бул кадамын "чагым" деп сынга алганы менен, Лавров АКШны да Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды "жаңы опурталдуу аракеттерге барууга" түртмөлөп жатканын айтып айыптады.
Орус тышкы иштер мекемесинин башчысы АКШ менен Түштүк Кореяны декабрда күтүлүп жаткан бирдиктүү аскерий машыгууларын токтото турууга чакырды.
"Эгер алар Түндүк Кореяны жок кылууга шылтоо издеп жатышса... анда түз айтышсын" - деди Лавров.
АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Кошмо Штаттар Түндүк Корея менен согушту каалабай турганын, бирок Пхеньян "улантып жаткан агрессия актылары" согушка жеткирсе, анда "режим толук жок кылынарын" эскерткен. 29-ноябрда Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынында сүйлөп жатып Хейли Түндүк Кореянын соңку сыноосунан кийин бардык мамлекеттер Пхеньян менен байланыштарын үзүшү керек экенин айткан.
АКШ менен Франция Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү талап кылышты.