Бүгүн Бишкекте кыргыз элинин салттуу билимин, маданий мурастарын, кол өнөрчүлүгүндөгү нукура ыкмаларды сактап калууга жана аны өнүктүрүүгө арналган флешмоб өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун жетекчиси Айдай Асангулова кабарлады. Анда кыргыздын салттуу музыкасы дагы жаңырат.
- 15 мүнөттүн ичинде боз үй тигилет. Андан сырткары эч кандай картону, синтетикасы жок нукура кыргыздын кийимин көрүп, салттуу музыкасын укса болот.
Учурда жүрүп жаткан “Кийиз Дүйнө - Көчмөн руху” долбоору салттуу билимди алып жүрүүчүлѳрдүн жардамы менен көчмөн турмушка тиешелүү салттуу билимдерди сактап калуу жана кыргыз элинин салттык көчмөн кийимдерин калыбына келтирүү багытында иштерди алып барууда. (КЕ)