Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:53

«Адем» тобу Asia’s Got Talent шоу сынагында финалга чыкты


Кыргызстандык бийчилердин "Адем" тобу "Asia’s Got Talent" шоу сынагында финалга чыкты. Бул тууралуу топтогу бийчилердин устаты Атай Өмүрзаков 30-ноябрда билдирди.

Финал Малайзияда 7-декабрда өтөт. Анын жыйынтыгы 14-декабрда жарыяланат.

Финалисттер көрүүчүлөрдүн онлайн-добушу менен тандалды. Кыргызстандык бийчилер тобу бул сынактын биринчи турунда алтын баскыч алып, жарым финалга түз жолдомо алышкан.

"Asia’s Got Talent" деп аталган шоуга 15 мамлекеттен таланттар катышууда. Анын баш байгеси - 100 миң АКШ доллары.

"Адем" тобу жана Атай Өмүрзаков өзгөчө бийлери менен буга чейин Европанын жана КМШнын бир катар өлкөлөрүндө сынактарга катышып, аты чыгып келатат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG