Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Абактан качкан төртүнчү киши кармалды


Абактан качкандардын милиция жарыялаган сүрөттөрү.
Абактан качкандардын милиция жарыялаган сүрөттөрү.

Сокулук милициясынын тергөө абагынан качып чыккан Кайрат Жанботоев кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев ырастады.

Кылмышка шектүү ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1-декабрда таңга маал Чүй облусуна караштуу Спартак айылында камыштын арасында жашынып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

27-ноябрда Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан төрт киши качып кеткен. Бул адамдарга карата Кылмыш кодексинин “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” беренелери боюнча айып тагылып жаткан. Окуяга байланыштуу Сокулук райондук прокуратурасы иш козгоп, эки милиция камакка алынган. Райондук милиция жетекчилери кызматтан бошотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG