Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:37

Кыргызстанда компьютердик сабаттуулукту арттырган өнөктүк жүрөт


Кыргызстанда 4-10-декабрь күндөрү жаштарга компьютердик программалоо ыкмаларын акысыз үйрөткөн “Код сааты” өнөктүгү өтөт. Адистер мектептерге барып, улан-кыздарга кеп-кеңеш беришет. “Сорос Кыргызстан” фонду демилгелеп, колдоо көрсөткөн өнөктүктү "Биздин мурас" уюму ишке ашырат.

Максат – жаштардын информатикалык сабаттуулугун арттыруу экенин уюштуруучулар “Азаттык” радиосуна кабарлашты.

"Код сааты" - компьютер программалары боюнча кесипке жаштардын көңүлүн бурууга арналган бүткүл дүйнөлүк өнөктүк. Ага үгүттөө иштерине Барак Обама, Жастин Трүдо, Марк Цукерберг, Билл Гейтс, Шакира жана башка атактуулар катышып келүүдө.

Кыргызстанда "Код сааты" ушуну менен үчүнчү ирет уюштурулууда. (SE)

XS
SM
MD
LG