Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:12

Отунбаева Кытайда Мадрид клубунун жылдык жыйынына катышты


Мадрид клубунун жылдык жыйынынын катышуучулары.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Кытайда 28-29-ноябрь күндөрү Мадрид клубунун жылдык жыйынына катышты.

«Ааламдык башкаруу, өңүт жана ага Кытайдын катышуусу» эл аралык конференциясына Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун, Европа биримдигинин мурдагы президенти Романо Проди да келди.

Катышуучулар менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жолукканын "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Жыйында дүйнөлүк саясаттагы улутчулдук, популизм маселеси талкууланды.

Роза Отунбаева БУУнун жогорку деңгээлдеги медитация тобунун мүчөсү катары уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы менен телекөпүрөгө да катышты. Анда БУУ баш катчысы Антонио Гуттериш менен 18 адамдан турган топ чыр-чатактарды азайтуу маселесинде сүйлөшүштү.

Мадрид клубу экс-президент жана өкмөт башчылардын коммерциялык эмес уюму. Ага 56 өлкөнүн өкүлү мүчө. Клуб демократиялык жараяндарга, чатактарды чечүүгө, техникалык кеңеш берүүгө ыкташкан. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG