Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

БУУ: Сирия боюнча сүйлөшүүлөр 15-декабрга чейин узартылды


Женевадагы сүйлөшүүлөр. 30-ноябрь, 2017-жыл.
Женевадагы сүйлөшүүлөр. 30-ноябрь, 2017-жыл.

Улуттар Уюмунун чабарманы Стефан де Мистуранын билдиргенине караганда, Сириядагы жарандык согушту токтотууну максат кылган тынчтык сүйлөшүүлөрү 15-декабрга чейин узартылды. Анткени Сирия өкмөтүнүн делегациясы Дамаскка “консультациялар” үчүн барып келиши керек.

Стефан де Мистуранын айтымында, сүйлөшүүлөрдө негизинен жаңы Конститутцияны даярдоого, БУУнун көзөмөлү астында президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү маселесине көңүл бурулууда.

Сириянын өкмөтү менен оппозициясынын БУУ ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрүнүн сегизинчи айлампасы Женевада 29-ноябрда расмий башталган.

БУУнун чабарманы сүйлөшүүлөрдө “олуттуу жана кесипкөй” жагдай түзулгөнүн айтып, бирок өз ара ишенимдин жоктугу “эң чоң бөгөт болуп жатканын” да белгиледи.

Сириядагы жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылып, алты миллиондой адам өлкөнүн сыртына качып чыгып, 5 миллиондой киши өлкө ичиндеги качкынга айланды.

Жарандык согуш президент Башар Асаддын режими 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды күч менен басууга аракет кылгандан тартып башталган. (UE)

XS
SM
MD
LG