Пакистандык талибдердин куралдуу өкүлдөрү бүгүн өлкөнүн түндүк-батышындагы бул шаарда Айыл чарба унверситетинин кампусуна кол салышкан. Полиция жана армия аскерлери аларды эки сааттай атышып жатып жок кылышты.
Жергиликтүү дарыгерлердин билдиргени боюнча, ооруканага тогуз адамдын сөөгү түшкөн. "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун аймактагы кабарчылары курман болгондордун арасында талиптердин да үчөө-төртөө бар экенин маалымдашты. Атышуудан студенттерди, коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүн кошкондо кеминде 16 киши жарадар болгон.
Кол салуу үчүн Пакистандагы талибдердин "Техрик -е-Талибан Пакистан" (ТТП) кыймылы жоопкерчилик алды. Анын өкүлү университет кампусунан Пакистандын аскердик чалгын кызматынын жайын бутага алганын билдирүүдө.
1-декабрда Пакистандын курамына Пешевар шаары кирген Хайбер-Пахтунхва провинциясында да Мухаммед пайгамбардын туулган күнү майрамдалып жаткан. Полициянын маалыматы боюнча, талибдер университеттин кампусуна аялдардын паранжысын жамынып алып кирип келишкен.
2014-жылдын декабрында "Техрик -е-Талибан Пакистан" (ТТП) кыймылы дал ушул Пешевар шаарында армиянын мектебине кол салып, 134 баланы өлтүргөн.
Пакистандык талибдер да өкмөттү кулатып, шарият мыйзамын орнотууну көздөшөт. Алардын ооган талибдери менен байланышы анчалык бекем эмес. (UE)