"Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Лазат Жаныбек кызы Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын "Шериктештик үчүн" төш белгиси менен сыйланды.
Журналист Орусиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн жана ийгиликтерин чагылдырып, мекеменин ишине жардам бергени үчүн төш белгиге ылайыктуу деп табылды.
Лазат Жаныбек кызы жазган макалалар менен бул жерден тааныша аласыздар. (SE)