Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Мамдума АКШ ЖМКсына эшигин жабууну караганы жатат


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын олтуруму. 15-ноябрь, 2017-жыл.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын олтуруму. 15-ноябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Мамдума комитетинин төрайымы Ольга Савастьянова бүгүн жарыялады.

Анын айтымында, Дума АКШнын бардык медиасынын журналисттерин парламенттин төмөнкү палатасынын отурумдарына киргизбөө маселесин келерки аптада карайт.

Мындан бир күн мурда АКШ Конгресси Орусиянын өкмөттүк RT телеканалын аккредитациядан ажыраткан. Ага чейин өткөн аптада Орусияда чет элден каржыланган медианын чет элдик агент катары катталышын караган мыйзам кабыл алынган эле.

Орусия бийлиги муну АКШда RT телеканалынын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде катталышына жооп катары чечмелеген.

Мындай каттоо тууралуу талап коюлганга чейин АКШнын чалгын мекемелери "RT телеканалы менен “Спутник” агенттиги былтыркы президенттик шайлоого таасир тийгизүү боюнча орус өкмөтүнүн өнөктүгүнүн алкагында туура эмес маалыматтарды жайылткан" деген бүтүмгө келишкен.

Кошмо Штаттардын Москвадагы элчиси Жон Хантсман Орусиянын жаңы мыйзамы АКШда "чоң тынчсыздануу" жаратарын билдирген.

"Эл аралык мунапыс" уюму Орусияда ЖМК мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөрдү “басма сөз эркиндиги боюнча ансыз деле оор абалга олуттуу сокку уруу” катары сыпаттаган. (UE)

XS
SM
MD
LG