Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Жээнбеков: Кыргыз-казак чек арасы "жол картасына" чейин ачылат


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Кыргыз-казак чек арасы “жол картасына” кол коюлганга чейин ачылат. Минскте казак тарап менен ушундай макулдашууга жетишилгенин бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушууда айтты.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Жээнбеков “Жакынкы күндөрү бул документ боюнча макулдашуу жана чек ара маселесин чечүүнү тездетүү үчүн өкмөттүк жумуш топторунун жолугушуусу өтөт. Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жана министрликтердин өкүлдөрү бүгүн Астанага барышат. Андан кийин тиешелүү делегация Бишкекке келет жана тараптар “жол картасына” кол коет” деп айтты.

Кечээ Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинин алкагында Жээнбеков казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолуккан. (RK)

XS
SM
MD
LG