Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Түштүк Корея: Пхеньян баллистикалык ракетанын жаңы түрүн сынады


29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континент аралык баллистикалык ракетасы.
29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континент аралык баллистикалык ракетасы.

Бул тууралуу 1-декабрда Түштүк Кореянын Коргоо министрлигиндеги жыйында айтылды.

- Учуу мүнөзүн, тышкы түсүн эске алганда, бул ракета - континент аралык баллистикалык ракетанын жаңы тиби. Аны сыноо ийгиликтүү болгон. Эгер ал ракета нормалдуу багыт менен атылганда 13 миң чакырымдан ашмак. Демек бул ракета Вашингтонго жете алат деген кеп. Түндүк Корея ушуну менен өзүнүн өзөктүк жана ракеталык өнүгүшүн аяктады деп жарыялаганы менен атмосферага кайра кирүү технологиясы, дүрмөттүн акыркы фазалык тактыгы боюнча кошумча текшерүү зарыл, - деди Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү Йео Сук Жу.

Түндүк Корея континент аралык баллистикалык ракетасын акыркы жолу жергиликтүү убакыт боюнча 29-ноябрдын таңында, күн чыга электе сынаган эле.

Пхеньян атылгандан кийин 1100 чакырымдай учуп барып, Жапон деңизине кулаган бул ракета оор дүрмөт алып жүрө алаарын жана АКШнын материктик бөлүгүнө жете алаарын билдирген.

Ал эми БУУнун Коопсуздук кеңешинин ушул соңку сыноодон кийин өткөн чукул жыйынында АКШнын элчиси Никки Хейли “Эгер согуш чыга турган болсо Түндүк Кореянын режими толугу менен жок кылынарын” эскерткен.

Улуттар Уюмунун санкцияларына карабай, Түндүк Корея быйыл эле жыйырмадан ашык ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын эки сыйра сынап, алтынчы жолу өзөктүк жардыруу да өткөргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG