Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмүнө байланыштуу иш сотто териштирилип бүттү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна адвокат Динара Медетова билдирди. Анын айтымында, 13-декабрда өкүм угузулат.
Прокуратура тергөөчүнү төрт жылга, ал эми ыкчам кызматкерлерди бир жылга эркинен ажыратып, бирок өтүп кеткен мөөнөттү эске алып ишти кыскартууну сурап жатат.
Медетова мындай жаза өтө жумшак деп эсептерин, тергөөчүнү жети жылга, эки кызматкерди үч жылдан эркинен ажыратууну өтүнүүдө. Ал прокуратура соттолуучулар үчүн жазалоонун жумшак чарасын сурап жатат деп эсептейт:
- Алар адам жүрөгү кармап, эсин жоготуп жатканда тергөө амалдарын токтотпой, жарым саат бою кармап, өлүүгө мажбур кылышкан, ошого шарт түзүп беришкен.
Бул иш боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын тергөөчүсү Замирбек Суваналиев кызмат абалынан аша чапкан жана адамдын ден-соолугуна олуттуу зыян келтирип өлүмгө жеткирген деп, ыкчам кызматкерлери Чыңгыз Айманбаев жана Алмаз Мусаев шалаакылыкка жол берген деп айыпталууда.
УКМК Абдыкерим Гапаров 2016-жылы 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү кармап каза болгонун жарыялаган. Бирок окуу жайдын жамааты жана маркумдун жакындары аны кармоодо жол-жобо одоно бузулганын, операция учурунда анын иш бөлмөсү ичинен бекитилип, сырттан башкаларды киргизбей коюшканын, ошонун айынан адам өмүрү кыйылганын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылышкан.
Соттолуучулар өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып беришкен. Тергөөчү ишинен убактылуу четтетилген, ыкчам кызматкерлер ишин улантууда.
Кылмыш ишти Аскер прокуратурасы 2016-жылы февраль айында козгоп, тергеген. Сот Бишкектин Октябрь райондук сотунда өтүп жатат.
Прокуратура Гапаров пара алганы далилденген деп эсептейт.
Бирок адвокаттар далил жок, бардык документтер бурмаланган деген пикирде. (RK)