Грузиянын Улуттук коопсуздук кызматы 1-декабрда билдиргендей, жакында террорго каршы операция учурунда өзүн жардырып жиберген адамды атайын кызмат өкүлдөрү Ахмед Чатаев деп аныкташты.
Улуту боюнча чечен, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөсү катары белгилүү Ахмед Чатаевди Түркиянын бийлиги буга чейин 2016-жылдын июнь айында Стамбул аэропортунда жан кечтинин бомба жардырган чабуулун уюштурушу мүмкүн деп шек санап жүргөн.
Грузиянын борбору Тбилисинин чет-жакасында 21-22-ноябрда жыйырма саатка созулган террорго каршы операция учурунда атайын күчтөрдүн бир өкүлү жана үч куралдуу киши мерт болгон.
Грузин бийлигинин маалыматына караганда, азыр куралчандар өлкө чек арасынан кантип өтүшкөнү иликтенүүдө. (UE)